Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Кыргыз эл артиси, белгилүү төкмө акын маркум Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлары жарыкка чыкты. Бул тууралуу 19-апрелде «Азаттык» жазды.

Жыйнак «Булбулум, булбулум ай» деп аталып, ага акындын 20га жакын обондуу ырлары тексти жана нотасы менен кирген. Нотага композитор, эл артисти Атайбек Бөдөшов түшүрүп, китепти эл артисти Нурлан Нышанов редактирлеген.

Обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөрү айтылды. Ал Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө жана концерттик программа менен коштолот.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, «Айтыш» фонду жана «Эл акыны Элмирбек» эл аралык коомдук фонду бергилекте уюштурууда.

Эл артисти, кыргыз-казак элине таанымал ак таңдай акын 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында каза болгон.

Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. 14 жашынан баштап колуна комуз алып, республикалык жана эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алып келген. Иманалиев «Айтыш» коомдук фондунда шакирттерди тарбиялап келген жана Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.

Редактору: Улуш Сайпидинова

ТЕМА БОЮНЧА:

«Элмирбектин экинчи доору башталды». Чындыкты коркпой айткан төкмө акын