Кара-Балта: Сот өгөй кызына үч жыл бою ыплас аракет жасаган кишинин жазасын катаалдаткан жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жашы жете элек өгөй кызына үч жылдан бери ыплас аракеттерди жасаган киши 5 жылга эркинен ажыратылды. Облустук сот кыздын апасынын жазаны катаалдатуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Маалыматка ылайык, шектүү 2018-жылдын күз айларынан тартып, 2021-жылдын 13-октябрына чейин кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн. Ал аялынын жоктугунан пайдаланып өгөй кызына ар кандай ыплас аракеттерди кылып, порнографиялык мүнөздөгү видео тасмаларды да көрсөтүп келген.

«Ал бул тууралуу апасына айткандан уялып, “атам мага тийишет” деп айтчу, апасы атасын урушуп койчу. Атасы ага “апаң экөөңөрдү өлтүрөм” деп жана “апаңа айтсаң сени урушат” деп айтчу», — деп жазылат сот актындагы маалыматта.

Киши кылмышы билинип калгандан кийин Орусияга качууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Күнөөсүн мойнуна алып, бирок сотто айткандарынан баш тарткан.

2022-жылдын 19-апрелинде Жайыл райондук соту кишини күнөөлүү деп таап, «Ыплас аракеттер» беренеси боюнча беш жылга камакка алган.

Ал эми кыздын апасы райондук сот ага жеңил жаза бергенин айтып, аны катаалдатууну талап кылып апелляциялык арыз жазган.

Анткен менен облустук сот ишти карап, даттанууну канааттандыруусуз калтырган.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;

Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;

Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Сууда 5-6 жашар кыздарга ыплас аракеттерди жасоого шектелип 44 жаштагы киши кармалды