Депутат Жакышов: «Алтын Казына» кафесинде жашы жете элек кызды зордуктагандар дагы деле жазасын ала элек

Өткөн жылдын август айында Чүйдөгү «Алтын Казына» ресторанында 17 жаштагы кызды зордуктоодо шектүүлөрдүн иши боюнча сот али болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Руслан Жакышов билдирди.

Депутат укук коргоо органдарына кайрылып, ошол иштин жүрүшү боюнча сурады.

«Ата-энеси арызданып жатышат. Эч кандай сот жүрбөй, эч ким жоопко тартыла элек экен. Адилеттүү чечим чыкпаса, атасы өзүн өрттөйм деп жатат. Азыр Рамазан айы болгону үчүн гана карманып турат», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев, бул иш учурда соттун кароосунда экенин, аны «өз көзөмөлүнө аларын» айтты.

2022-жылдын 8-августунда соцтармактарда «Алтын-Казына» ресторанында иштеген 17 жаштагы официант кызды эки киши зордуктаганы тууралуу маалымат тараган.

«Алтын Казына» ресторанынын администрациясы окуя «түндө, кызматкерлердин жумуш убактысы бүткөндөн кийин» болгонун айтышкан.

Ресторан менен окуя болгон делген Maryotel мейманканасынын ээси, парламенттин экс-депутаты Махабат Мавлянова бул боюнча үн каткан. Ал мейманкана спорттук уюмга ижарага берилгенин, уюм баарын өз алдынча башкаргандыктан компания анын көзөмөлүндө эмес экенин билдирген.

Кийинчерээк кылмышка шектелип 20 жана 26 жаштагы эки бала кармалган. Алар кыз менен чогуу ресторанда иштеген балдар болгон.

Ал эми «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова шектүүлөр кыздын үй-бүлөсүнө басым жасап жатканын билдирген.

2023-жылдын 1-апрелинде министрдин орун басары Эркебек Аширхожаев жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун саны 20-25%га өскөнүн билдирди. Бирок ал, зомбулуктун өсүп жатышын буга чейин мындай окуялар ачыкка чыкпай келгени менен түшүндүрдү.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Мындан тышкары зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор иштейт. Ал жерге төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

Бишкектеги балдарга жардам берүү борборунун номери: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;

Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;

Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;

Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212.