«Алтын Казына»: 17 жашар кыз түндө, иш убактысы бүткөндөн кийин зордукталган

«Алтын Казына» ресторанынын администрациясы адамдардын тобу тарабынан зордукталган жашы жете элек кыздын окуясына байланыштуу Инстаграм барагында билдирүү жасады. Кылмышка ресторандын официанттары шектелип жатат.

Билдирүүдө кылмыш 7-августка караган түнү болгону айтылат.

«Окуя түндө, кызматкерлердин жумуш убактысы бүткөндөн кийин болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдар ижарага алган күзөт кайтарган жайга кирип кетишиптир. Кылмышкерлер кармалды, алар Кылмыш жаза кодекси боюнча жазаланат. Бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип атабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүктүн тарабында экенибизди билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин «Алтын Казына» рестораны менен Maryotel мейманканасынын ээси, парламенттин экс-депутаты Махабат Мавлянова окуя боюнча үн каткан. Мавлянова мейманкана спорттук уюмга ижарага берилгенин, уюм баарын өз алдынча башкаргандыктан компания анын көзөмөлүндө эмес экенин айткан.

Өз кезегинде «Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова шектүүлөр кыздын үй-бүлөсүнө басым жасап жатканын билдирген.

«ЖМК жана соцтармактардагы ызы-чуудан кийин тергөөчүнү алмаштырышты, азырынча ал мыйзам чегинде иштеп жатат. Иш Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө [каралып жатат]», — деп жазды ал Фейсбук барагына.

8-августта соцтармактарда «Алтын-Казына» ресторанында иштеген 17 жаштагы официант кызды эки киши зордуктаганы тууралуу маалымат тараган. Анда кыздын апасы зордуктоо 7-августка караган түнү болгонун айткан. Анын айтымында, окуя «Алтын Казына» ресторанын жанында Maryotel мейманканасынын аймагында болгон — шектүүлөр кыздын кесиптештери.

Келип түшкөн арыздын негизинде милиция «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

9-августта өспүрүм кызды зордуктоого шектелип «Алтын Казына» ресторанынын 20 жаштагы официанты кармалган.

«Окуянын бардык жагдайы териштирилип, күнөөлүүлөрдү мыйзамдын чегинде толук жоопко тартуу үчүн чара көрүлөт», — деп белгилешкен милициядан.

Балдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова кабарлаган.

Анын айтымында, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын саны жыл сайын өсүүдө. Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасалшат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Дагы окуңуз: ИИМ: Кыргызстанда жашы жете электерге карата кылмыштардын саны өсүүдө

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн