Зардалы: Тургундар айылдагы көчөлөрдү жарыктандырышты

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылынын ички көчөлөрү жарыктандырылды. Бул тууралуу 20-апрелде жергиликтүү тургундар Turmush басылмасына маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, күндөн энергия алуучу чырактар жалпы 3,5 чакырым жолго орнотулду. Айылдын борбордук көчөсүнө жарык орнотууга мамлекеттик бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн.

Керектүү жабдыктарды жергиликтүү тургундар эшек менен ташып, орнотуу иштерин да өз алдынча аткарышты. Тургундар аталган жолдун эки тарабы мүрзө болгондуктан кооптуу болуп келгенин кошумчалашты.

Зардалы айылы Баткен шаарынан 125 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда электр жарыгы жок, 250 гана адам туруктуу жашайт. Өрүк жана чайыр сезондорунда тургундардын саны 1000ге жетет.

Жолдун катаалдыгынан айылга автоунаа каттабайт. Бийик ашуу аркылуу жай мезгилинде гана барууга болот — тоо боорундагы жарды бойлогон бир адам гана батчу жол бар.

Кар жааган мезгилде ал жолдор менен каттоого такыр мүмкүн эмес. Мындан сырткары сел жүргөн маалда жөө өтө турчу жолдор да тосулуп калат.

Айылда 2010-жылы башталгыч класттар үчүн мектеп ачылган. Мектепте болгону эки гана класс бар. Төрт жылдан кийин окуучулар башка жакка барып окууга мажбур. 2015-жылы жападан жалгыз фельдшердик-акушердик пункт ачылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Алыскы Зардалыда интернет иштей баштады