«Клооптун» арызы менен дагы эки участкада көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Азаттыкка» №1023 жана №1053 УШКларынын көчмө добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди. Буга «Клооптун» байкоочулары добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды аныктап, арыз жазганы себеп болгон.

Көчмө добуш берүү 10-апрелде өткөрүлгөн. «Клооптун» байкоочулары №1023 участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бюллетендерди урнага шайлоочулардын ордуна салып жатканына күбө болушкан.

Байкоочу эскертүү бергенде комиссия мүчөлөрү муну «шайлоочулар өздөрү шайлай турган абалда болбогондуктан баарын тезирээк өткөрүп салуу» максатында жасашканын айтышкан.

Мындан сырткары «Клооптун» байкоочулары көчмө добуш берүү учурунда үйбашчылардын бири пенсионер аялга басым жасап, добуш берүүгө аргасыз кылып жатканын тартып алышкан. Ошондой эле үйбашчы пенсионерге добуш бергени үчүн гуманитардык жардам алып келээрин убада кылган.

Анткен менен №1023 УШКнын мүчөлөрү үйбашчынын аракеттерине көңүл бурбастан, добуш берип коюуну суранышкан. Бирок аял добуш берүүгө такыр макул болбой койгондо комиссиянын мүчөлөрү анын үйүнөн чыгып кетишти.

Буга чейин Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы №1028, 1029, 1026, 1309, 1312 жана 1311 УШКларынын көчмө добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Кийинчерээк №1027 участкалык комиссиясы да көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып салган — буга алар шайлоо күнү бюллетендерди автоматтык эсептөөчү урнага салганды унутуп калганы себеп болгон.

№1027 участкалык шайлоо комиссиясынын актысы

Ал эми 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда «Клооптун» дээрлик 3 миң байкоочусу 836 мыйзам бузууну аныктады.