Ош облусунун Ноокат районунда 14 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу анын ата-энеси кабарлабай коюшкан. Ош ОИИБден «Турмуш» басылмасына окуя 4-апрелде болгонун айтып, ал эми аймактык тескөөчү бул тууралуу 24-апрелде билгенин кабарлашкан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыз өз жанын кыйган — анын сөөгү өз үйүндө асынган жеринен табылган.
Бул факт милициянын журналына катталган. Аны менен катар милициядан ата-энеси кызды каза болгон күнү эле жерге беришкенин, сөөктү экспертизадан өткөрүүгө мүмкүн болбогонун белгилешти.
«Апрель» телеканалынын маалыматына караганда, сөөктү эксгумациялоо маркумдун ата-энесинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
ТЕМА БОЮНЧА:
Ош: Укук коргоочу 3 жашар наристени туугандары «өлтүрүп койгон болушу ыктымал» деп билдирди