Бажы кызматы беларус тактайын реэкспорт кылуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштады

Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстан тыюу салынган беларус жыгачын өзүнүкү деп атап Евросоюзга экспорттоп жатат деген мааматты текшерип жатат. Бул тууралуу «Клооптун» суроосуна жооп берип жатып мекемеден билдиришти.

Бажы кызматынын жообунда «“Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?” деген материал жарык көргөндөн кийин, журналисттер айтып өткөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат» деп жазылган.

«Азыркы тапта жүрүп жаткан иштердин алкагында, бажынын товарды декларациялоо маалыматтык базасы анализденип, тиешелүү органдарга сурам жөнөтүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин, мыйзам бузууларга тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа бериш үчүн чогулган материалдарды тергөө органдарына өткөрүү маселеси каралат», — деп бажыдан билдиришти.

Кыргызстан рекорддук көлөмдөгү тактайды ЕБге кантип экспорттоду?

2022-жылы март айында Евросоюз беларус жыгачын жана тактайларын импорттоого тыюу салган. Санциялар күчүнө кире баштаганда Казакстандан Евробиримдикке экспорттоо 74 эсе, ал эми Кыргызстандыкы — болжолу 18 миңге (!) өскөн.

Теги беларустук кыргызстандык фирмалар санкцияга кабылган продукцияны жасалма документ менен Евросоюздун аймагына түз жеткирүүнү сунуштап жатат. Журналисттер дал ушундай компаниядан үчтү аныкташкан.

Репортёрлордун эсеби боюнча, беларус тактайын Кыргызстан жана Казакстан аркылуу ЕБге кыйыр реэкспорт кылуу схемасы анын уюштуруучуларына 30 млн еврого жакын пайда берген. Бул бизнеске мурдагы беларус чиновниктери да аралашкан.

Иликтөө жарыялангандан кийин Литванын социал-демократтар партиясы өз катарынан саясатчы Саулюс Гирчисти чыгарып салган. Журналисттердин айтымында, анын компаниялары санкцияланган жыгачты реэкспорттоо менен алектенген. Саясий бирикме анда Литванын бийлиги Гирчистин бизнесин расмий иликтөөнү баштоону талап кылган.

Дагы окууңуз: Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?