Ош: Иш бөлмөсүндө жан берген машыктыруучунун өлүмү териштириле баштады

Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясы. Сүрөт: Футбол академиясы

Ош шаарындагы Асылбек Момунов атындагы Футбол академиясынын машыктыруучусунун өлүмүн милиция териштире баштады. Бул тууралуу 25-апрелде «Клоопко» Ош ШИИБнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде, болжол менен саат 09:40 чамасында милицияга машыктыруучунун сөөгү өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылганы кабарланган.

Милициядан учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, жыйынтык чыккан соң кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, машыктыруучунун жүрөгү токтоп калган.

Момунов атындагы Футбол академиясы 2017-жылы 12-октябрда ачылган. Ага Ош шаарынын мэриясы 4,0 га жер аянтын бөлүп, курулушуна FIFA тарабынан млн доллар бөлүнгөн.

Жатаканасы бар мекемеде 80ден ашуун бала тарбияланып, футбол менен машыгат. Андан сырткары миңге жакын балага футбол менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.