Россельхознадзор: Кыргыз сүтү жана балыгы инспекциядан кийин гана орус рыногуна киргизилет

Орусиянын Россельхознадзор органынын башчысы Сергей Данкверт 24-апрелде Кыргызстандын сүт азыктары менен балык продукциясы мекеменин инспекциясынан кийин гана Орусиянын рыногуна киргизилерин билдирди. Бул тууралуу ал Москвада өткөн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Эрмек Өмүралиев жана өлкөнүн айыл чарба министри Самат Насиридинов менен болгон жолугушууда айтты.

Орусиялык мекеменин басма сөз кызматынан «Россельхознадзордун сапарынын жыйынтыгында, кыргызстандык ветеринардык адистердин жергиликтүү өндүрүш-ишканаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товар жеткирүүчүлөр реестрине каттоого тургузууга формалдуу мамиле кылганы тастыкталганын» билдиришти.

«Сүт азыктарын өндүргөн компанияларга болгон инспекциянын жүрүшүндө ири мүйүздүү малдын контагиоздук плевропневмониясы, паратуберкулёз жана лейкоз дарттарына мониторингдик изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлгөн эмес; шарп оорусуна каршы эмдөөнүн эффективдүүлүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Ишканалардын фермалар колдонгон дары каражаттары тууралуу маалыматы жок болуп чыккан. Ушундай жол менен, өндүрүштүк көзөмөл программалары формалдуу гана жүргүзүлүп келген», — деп билдиришти мекемеден.

Мекеменин адистери Кыргызстандын балык чарбасында деле ушундай эле көрүнүшкө күбө болгонун белгилешти.

«Сырье республиканын аймагында ветеринардык коштоочу сертификаты жок эле ташылып турган. Балыкты ишканаларга эч кандай документи жок, бочкага салып жеткиришкен. Ошондой эле, маркировкасы дагы болгон эмес», — деп белгилешти Россельхознадзордон.

Ошондой эле, мекеменин маалыматына ылайык, жакынкы арада тиешелүү органдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы эки балык фермасында видеоинспекция жүргүзүү боюнча макулдашышат. Андан кийин бул тизме сүт азыктарын өндүргөн ишканалар менен толукталышы мүмкүн.

Тема боюнча: «Чоң саясат көрбөй элем». Акылбек Жапаров Орусия кыргыз импортун токтоткону тууралуу