Баткен: УКМКнын мас абалдагы кызматкери милиционерди сабап, формасын айрып салган

Баткен районунда УКМКнын мас абалдагы кызматкери милиционерди сабап, формасын айрып, унаасынын ачкычын алып койгон. Бул тууралуу 26-апрелде «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 24-апрелде болгон. Түнкү саат 00:15 чамасында райондук милицияга Чек айылында бир нерсе күйүп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерди текшерүү үчүн аймактык тескөөчү барган.

«УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын эсепчи ага лейтенанты жана Чек айылынын эки тургуну мас абалда “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү унаанын музыкасын катуу коюп алып отурушкан. Тескөөчү тартипти сактоого чакырганда мыйзамдуу талаптарга баш ийген эмес. УКМКнын кызматкери тескөөчүнү бир сүзүп, формасын жыртып, унаасынын ачкычын алып, бекитип койгон», — деп белгилешти милициядан.

Окуя богон жерге райондук милициянын кызматкерлери барып, үч кишини кармаган. Алардын мас абалда болгону аныкталып, унаасы айып короого киргизилген.

Тескөөчү болсо Баткен шаарындагы аймактык ооруканага жаткырылып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Бул окуя райондук милициянын электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иши жүрүп жатат.

Ал эми бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы комментарий берүүдөн баш тартты.