Базар-Коргондун тургуну соттун чечимине карабай төрт баласын мурдагы жубайына кайтарып бербей жатат

Базар-Коргон району

12-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту төрт баланы 29 жаштагы энесине кайтарып берүүнү чечкен. Бирок анын 35 жаштагы мурдагы күйөөсү алты айдан бери соттун өкүмүн аткарбай келет. Бул тууралуу 20-апрелде «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Эмне болду?

2011-жылы баш кошкон жубайлардын ортосунда өткөн жылы чыр чыгып, аял балдары менен төркүнүнө келген. Жолдошу материалдык колдоо көрсөтпөгөндүктөн ал ошол эле жылдын август айында Орусияга иштеп, дарыланууга кеткен.

«Күйөөсү аялдын жоктугунан пайдаланып, балдарын алдап өзү менен алып кетип калган. Ал жубайынын ата-энесине балдарын сагынганын, алар менен убактылуу жашап тургусу келгенин айткан. Ал эми аялдын ата-энеси жубайлардын эки ача жолго түшкөнүн убактылуу деп эсептеп, каршы чыгышкан эмес», — деп белгилешти уюмдан.

Кийинчерээк күйөөсү балдарына алимент өндүрүү максатында сотко кайрылып, токтомго ээ болгон. Аялдын ата-энеси окуя тууралуу «кызына айтууга аргасыз болгон». Ал 2022-жылдын сентябрында Орусиядан кайтып келип, алимент өндүрүү боюнча токтомду жокко чыгаруу үчүн сотко арыз берген.

Соттон мурдагы жолдошу «экөөнүн ортосундагы мүлк жана балдардын жоопкерчилиги боюнча талаш жок экенин» айтып, ажырашууга да арыз бергени белгилүү болгон. Аял «эки маселеде тең талаш бар экенин белгилеп, балдарды өзүнө берүүнү суранып» сотко кайрылган.

Базар-Коргон райондук соту аялдын доосун канааттандырган. Бирок мурдагы жолдошу соттун өкүмүн аткарбай, балдарды өткөн жылдын октябрынан бери аялга көрсөтпөй келет. Төрт баланын эң улуусу 11, эң кичүүсү 5 жашта.

Аял сот өкүмү күчүнө киргенге чейин да, андан кийин да райондук социалдык камсыздоо башкармалыгына бир нече жолу кайрылганын, бирок андан «эч кандай майнап чыкпай жатканын» айтты.

«Башкармалыктын кызматкерлери балдарды алып кетүүгө ыйгарым укуктары жок экенин, аялды аны коштоп барып, мурдагы жолдошунан балдарды кайтарып берүүнү сураныша аларын белгилешкен. Мурдагы күйөөсү аялга “соттун чечимин тааныбай жана аткарбай турганын” айткан», — деп белгилешти укук коргоо уюмунан.

Укук коргоочулар эмне дейт?

«Справедливость» укук коргоо уюмунун өкүлү, юрист Элдор Бакиров жубайлар мурда да чырдашып, аял өзүнчө жашап жүргөндө алимент өндүрүү үчүн сотко арыз менен кайрылганын билдирди.

«Күйөөсүнүн алимент боюнча карызы 140 миң сомго жеткен. Балдарды өзүнө алдоо жолу менен алып, биринчиден, алиментке болгон карызынан кутулду, экинчиден, алимент өндүрүү үчүн өзү арыз жазды», — деп түшүндүрдү жактоочу.

Бакиров аялдын мурдагы жолдошу «өзүнүн иш-аракеттеринин укуктук кесепеттерин билбей жатат» деп эсептейт. Анын айтымында, соттун чечимин аткарбоо кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун директору Валентина Гриценко «жоопкерчиликсиз адамдын аракеттерине таң калып жатканын» айтты.

«Ар бир жарандын үч гана негизги милдети бар — салык төлөө, өз өлкөсүн коргоо жана соттун чечимдерин аткаруу. Укуктук мамлекетте ушундай ыплас иштерге барыш үчүн кандай абийирсиз жаран болуш керек?» — деди Гриценко.

Редактору: Бурулсун Жумалиева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Прецедент»: Сот бир жылдан бери аялды зөөкүр күйөөсү менен ажыраштыра албай келет