«Окуу керемет» долбоорунун алкагында китепкана жана мектептерге 1 млн китеп тапшырылат

Иллюстративдик сүрөт. Булак: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги

«Окуу керемет» долбоорунун алкагында жергиликтүү заманбап авторлор жана иллюстраторлордун 1 миллион китеби Кыргызстандын билим берүү мекемелери жана китепканаларына тапшырылат. Бул тууралуу 26-апрелде долбоордун директорунун орун басары Нургүл Токтогулова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун алкагында 80 автор жана 35 иллюстратор Билим берүү министрлиги менен бирге уюштурулган ачык сынакта тандалып алынып, китеп басып чыгаруунун заманбап ыкмалары боюнча семинарлар уюштурулган.

Ага ылайык, жергиликтүү авторлор «балдарга арналган ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратууда жаңы көндүмдөргө ээ болушкан».

«2020-жылдан бери биз жомок, комикс, энциклопедия, фэнтези сыяктуу ар түрдүү жанрдагы балдар адабиятынын 1300дөн ашык үлгүсүн жараттык. Бул чыгармалар үй-бүлө, достук, ар түрдүүлүктү кабылдоо, сыйлоо, кызыгуу, жаратмандык сыяктуу баалуулуктарды даңазалайт», — деп билдирди Токтогулова.

Тандалып алынган эмгектер 1 миллион нускада басылып, өлкөнүн мектептерине жана китепканаларына тапшырылат.

USAIDдин «Окуу керемет» долбоору Кыргызстандагы 450 миң башталгыч класстын окуучулары үчүн китеп окуу жана математиканы үйрөтүүнү жакшыртууга багытталган. Ал Билим берүү министрлиги менен бирге өлкөдөгү 1682 мектепте ишке ашырылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Учкун» басмаканасы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин басып чыгарат