Орусияда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду

Орусиянын Шадринск шаарында кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу 26-апрелде Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-апрелде болду. Кыргыз жараны айдап бараткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Анын кесепетинен 34 жаштагы кыргыз жараны окуя болгон жерде каза болгон. 38 жаштагы айдоочу менен 25 жаштагы жүргүнчү Щадринск шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

«Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу окуянын бардык жагдайын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга сөөктү алып келүү маселеси чечилүүдө», — деп белгилешти министрликтен.