Тарыхый беттеш: Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власовду жеңди

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов 26-апрелде Алматыда өткөн эл аралык Poddubny Wrestling League турниринде орусиялык балбан Роман Власовду жеңди.

«Бүтүндөй күрөш дүйнөсү күткөн беттеш» деп аталган таймашта эсеп 1:1 менен аяктады. Грек-рим күрөшүнүн эрежесине ылайык, акыркы упайды кыргыз балбаны алгандыктан, жеңиш Махмудовго ыйгарылды. Беттештин акыркы 5 секундунда Власов эч кандай аракет кылган жок.

Буга чейин балбандар беттешти өткөрүү боюнча Бишкекте макулдашып, бирок таймаш белгисиз себептен улам кийинкиге жылдырылган болчу.

Акжол Махмудов 24 жашта. Балбан Кыргызстандын алгачкы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. Ошондой эле Азиянын үч жолку чемпиону.

Роман Власов — 33 жаштагы спортчу. Ал Олимпиаданын эки, Дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону. Күрөш дүйнөсүндөгү эң ийгиликтүү, көп титулдуу балбандардын бири.

Ушул эле күнү Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков орусиялык Динислам Бамматов менен күрөштү. Кыргыз балбаны орусиялык спортчуну 7:2 эсебинде утуп, бул лиганын үч жолку чемпиону болду.

Алардан тышкары турнирге грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков менен эркин күрөш балбаны Тайырбек Жумашбеков да катышты. Алар орусиялык спортчулар менен беттешип, жеңиш атаандаштардын пайдасына чечилди.

Алматыда өткөн бул жолку PWL-4 турниринде Кыргызстан, Молдова, Орусия, Азербайжан, Куба, Казакстан, Армения, Албания, Болгария, Словакия, Өзбекстан, Монголия жана Ирандын балбандары таймашышты.