«Жамандык издеген адаты». Президент Мадумаровдун суу боюнча айтканына жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал парламентте өлкөдөгү электр энергиясы үчүн тарифти жогорулатуу талкууланып жатканда пикирин билдирген депутат Адахан Мадумаров тууралуу кеп кылды.

Жапаров Мадумаровдун «сууну товар катары сатуу» сунушуна жооп берип жатып, «сууну товар катары сатууга да убакыт келет, Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт» деп билдирди.

«Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коёт. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле», — деди ал.

Өлкө башчысы Мадумаровду «жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр» деп белгилеп, «адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры» деп кошумчалады.

Ошондой эле президент эл өкүлү энергетика көйгөйүн чечүү боюнча министрге «эч бир сунуш айта алан жок» деп билдири.

«Министр мырза: «Сиз сунуш айтыңызчы, кандай иштейин, ушул кризистен кантип алып чыгайын, кантип реконструкция кылайын» десе, эч бир сунуш айта албай какап калды. “Аз уурдаш керек” дейт. Бул сөздү бешинчи класстын баласы деле айта алат. Азыр мурдагыдай уурулук жок», — деди ал.

Жапаров Мадумаровду буга чейин да бир нече ирет сындаган. Өткөн жылы эл өкүлү Кемпир-Абад суу сактагычан Өзбекстанга берүү боюнча каршы пикир билдиргенде, президент аны «практикалык иш жасап көргөн эмес» деп сындаган.

«Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт», — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Арам ою ишке ашпайт» — Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров тууралуу