Ноокат: Өрттөнгөн үйдүн жертөлөсүнөн 75 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында өрттөнгөн үйдүн жертөлөсүнөн киши колдуу болгон 75 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу 27-апрелде «Клоопко» облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 18:30 чамасында Ноокат райондук милициясына кароосуз калган үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери жертөлөдөн маркумдун сөөгүн алып чыгышкан. Аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалып, «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милициядан өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын белгилешти. Окуя болгон жердеги күбөлөр суралып, тергөө уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги үйдүн жертөлөсүнөн бычакталган орусиялык жарандын сөөгү табылды