Орусияда кыргызстандыкка балта менен кол салуу болду. Жабырлануучу реанимацияда

Орусиянын Мирный шаарында өспүрүм балдар уулуна болушкан кыргызстандык Уланбек Арстановго балта (тесак — ред.) менен кол салышты. Бул тууралуу маалыматы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.

Буга чейин орус маалымат каражаттарынын бири окуя 24 апрелде болгонун жазган. Журналисттердин маалыматы боюнча, алгач уруш өспүрүмдөрдүн ортосунда башталган.

«Балдардын бирин уюшкан топ сабап кеткен, ага жабыркаган кишинин Аястан деген уулу болушуптур, ал дагы өспүрүм. Кийин эки бала Аястанды аңдып барып, үйүнүн алдынан сабап башташкан», — деп жазган басылма.

Ошол учурда мушташты Аястандын ата-энеси көрүп калган. Аястанга кол салуу учурунда атасы Уланбек уктап жаткан жеринен тура калып, үстүнө кийим кийбей эле сыртка чуркап чыккан.

«Уланбек эки баланы кууп барган. Бирок алар кийимне катылган бычактарды алып чыгып, бирөөсү Уланбектин ийини менен бутун, экинчиси кыска балта менен ичин кескилешкен. Аястандын айтымында, атасысына эч ким жардам бербей койгон, бирок ары-өткөн бери-өткөндөрдү жардамга чакырган экен», – деп жазган басылма.

Уланбек катуу жабыркагандыктан ооруканага жеткирилген — азыр ал жандандыруу бөлүмүндө. Кол салгандардын бири кармалган — ал жергиликтүү медколлеждин студенти.

Элчиликтен бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

«“Достук” кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдардын, анын ичинде тергөө кызматынын өкүлдөрү менен жолугушушту. Жабыркаган мекендеш Орусиянын жараны болуп эсептелет. Саламаттыгы оңолуп баратат», — деп белгилешти элчиликтен.