Баткен: Үч-Коргон айылындагы 5 жылдан бери бүтпөгөн оорукананын курулушу быйыл аяктайт

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы беш жыл мурда башталып, кийин курулушу токтоп калган оорукананын имараты 31-августка бүткөрүлөт деп пландалууда. Бул тууралуу «Клоопко» Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун башчысы Орозбек Муратов билдирди.

Маалыматка ылайык, оорукананын курулушу 2018-жылы башталып, Covid-19 пандемиясынан улам убактылуу токтоп калган. Учурда имараттын 90%ы бүтүп, калган бөлүгү Эгемендүүлүк күнүнө чейин бүтөт деп мерчемделип жатат.

Имараттын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 58 млн сом бөлүнгөн. Курулушту башынан аягына чейин Финансы министрлиги каржылоодо.

Муратовдун айтымында, ооруканада бейтаптар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн жандандыруу бөлүмү, консультациялык-диагностикалык бөлүмдөр болот.

Автор: Айжамал Бексултанова