Парламент комитети «Бүтүн Кыргызстандын» өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын минкабды отставкага кетирүү сунушун карап, четке какты. Бул тууралуу 2-майда фракциянын катчылыгынын консультанты Мирбек Мунарбек уулу Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, минкабды отставкага кетирүү сунушу комитеттин 28-апрелдеги кезексиз жыйынында каралган.

«Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу тууралуу сунушту депутат Жусуп Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна 6 депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес», — деп жазды Мунарбек уулу.

Ал парламенттин регламентине ылайык, комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизүү жана кезексиз тартипте кароо үчүн Координациялык кеңешке жөнөтүлөрүн эске салды.

Парламенттин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы 27-апрелде министрлер кабинети толук курамда отставкага кетирүү сунушун демилгелеген. Фракциянын лидери Адахан Мадумаров минкабды отставкага кетирүү сунушу өкмөт Конституцияда жазылган «пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө болушу керек» деген талапты аткарбай жатканына байланыштуу экенин айткан.

Буга чейин Конституциялык сот Констутуциянын бул беренеси «мамлекеттин түздөн-түз милдети катары чечмеленбеши керек» деген корутунду чыгарган.