Бир цитата менен: Мадумаров Кыргызстанда бот фабрикалар башкарып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 3-майда сөз эркиндиги талкууланган тегерек столдо Кыргызстанда бот фабрикаларынын жарандарга таасири чоң экенин билдирди.

«Бот фабрикалардын расмий статусу бар, бот фабрикалар мамлекеттик идеологияны калыптандырууда деле иштей баштады. Бот фабрикалардын таасири Жогорку соттукунан да, Конституциялык соттукунан да, ал тургай парламенттикинен да кыйла жогору. Мына ушундай нерсе Кыргызстанда колдонулууда, коркуп кетесиң. Коомчулуктун оюн бурууда бот фабрикалар 24/7 иштешет. Кандай гана окуя болбосун, андан “улуу урматтуу” каалаган нерсени кылып коё алышат», — деди эл өкүлү.

Мадумаров Кыргызстан Жогорку жана Конституциялык сотторсуз, ошондой эле парламентсиз эле жашай алары айдан ачык болуп калганын, «анткени кабыл алынып жаткан пайдасы жок мыйзамдар аткарылбай калганын» кошумчалады.

Тема боюнча окуңуз: Видео: «Менин өздүгүмдү уурдашты». Фейктер сиздин маалыматтарды кантип пайдаланышы мүмкүн?