«Кактус»: Бишкекте Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан бала сабалды

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, Бишкекте Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колун өпкөн жаткан учурда видеого тарткан жаранды белгисиз кишилер сабап кеткенин жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, жабыркаган баланы «Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан спорт денелүү жаш балдар» сабап, машинасын талкалап кетишкен.

Басылма Бишкек ШИИБи мушташта жабыркаган жаран дал ошол видеону таркан бала экенин расмий тастыктабаганын белгиледи. Калаа милициясынын маалыматына ылайык, мушташ 3-май күнү саат 3төр чамасында «Асанбай» кичи районунда болгон.

«Жерине ыкчам тергөө тобу чыгып, кийин Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнө 1988-жылы туулган Э.А. жана 1987-жылы туулган С.К. аттуу жарандар жеткирилген. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталууда», — деп айтылат Бишкек ШИИБдин маалыматында.

Кармалгандардын биринин инициалдары менен туулган жылы видеодо Матраимовдун колун өпкөн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаевдин маалыматтары менен дал келет.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, жабыркаган жаран кол салгандар анын жердештери болгондуктан милицияга арыщ жазуудан баш тартып, кармалгандар коё берилген.

«Өпкүң келсе, өөп ал»

Саркарбаев Матраимовдун колун өө жатканы тартылган видео соцтүйүндөргө 1-майда чыккан. Видеонун өзү 30-апрелде, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун бир тууганынын тоюнда тартылганы айтылган.

Видеонун кадрынан ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов, Райымбек Матраимов, Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов жана Кылычбек Саркарбаев чогулуп сүйлөшүп турушканын, ал ортодо Сайпидинов Саркарбаевге «өпкүң келсе, өөп ал» деп кайрылып, Саркарбаев Матраимовдун колун өөп, экөө кучакташышканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк Твиттерде Кылыч Саркарбаев деп жазылган аккаунт (бул аккаунт чындап эле Саркарбаевге тиешелүүбү-жокпу белгисиз) окуядан «эч кандай башкача нерсе көрбөгөнүн» жазган. Ал «өкүл атасынын колун өөп койгусу келгенин» айтып, «чымындан пил жасабагыла» деп белгилеген.