Камактагы активист Илгиз Шаменовго кошумча айып тагылды

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду. Бул тууралуу 3-майда анын адвокаты Замир Жоошев фейсбуктагы барагына жазды.

«Азыр Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн” деген кошумча айып угузулду. Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган», — деп жазды Жоошев.

Адвокат «Клоопко» тактагандай, Шаменовго кошумча «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» айыптары тагылды.

Жоошев Шаменовдун учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады.

Шаменов өткөн жылдын 28-октябрында Орусияда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ага «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» жана «Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо» беренелери боюнча айып тагылган.

Активист 2023-жылдын 10-апрелинде ден соолугу кескин начарлаганына байланыштуу ооруканага жаткырылган. 17-апрелде Биринчи Май райондук соту анын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарткан. 2-майда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.