Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук милициясына акыркы үлгүдөгү автоунаа тапшырды

Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына 2023-жылы чыгарылган Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Маалыматты 3-майда «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, Ташиев унааны Жалал-Абаддагы «Телтору» ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин элесине жана 9-май — советтик жана орус тарыхында «Улуу Ата Мекендик согуштагы» Жеңиш күнү* деп аталган майрамга арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын ачылыш иш-чарасында тапшырды.

*1945-жылы Борбордук Европа убактысы боюнча 8-май кечинде (Москва убактысы боюнча 9-майда) Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясы тууралуу актыга кол коюлган. Бул акт Германиянын куралдуу күчтөрүн согуштук аракеттерди токтотууга жана куралсызданууну баштоого милдеттендирген. Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылы сентябрдын башында аяктаган.

Ташиев «Конгантиев кыргыз мамлекетинин жана кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан» деп белгиледи. Мурдагы ички иштер министри Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.

Toyota Corollaнын расмий сайтында бул унаанын баасы 21 700 доллар деп көрсөтүлгөн. Учурда унаа облустук милициянын Каржы-чарба бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле облустук администрациядан УКМКнын башчысы комитеттин өздүк курамынын эсебинен көк бөрү чемпионатынын байге фондуна 1 миллион сом которгонун кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан райондук милиция бөлүмдөрүнө унаалар берилди