Жалал-Абад: Мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан райондук милиция бөлүмдөрүнө унаалар берилди

Жалал-Абад облусундагы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 2-майда ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык унаалар 28-апрелде ИИМдин коллегиясынын алдында аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен берилген.

Жалал-Абад ИИБдин Жеңишбек Абитов жаңы унааларды милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырып, аларды кызматтык кызыкчылык үчүн туура пайдаланууга жана мыйзамдардын сакталышын камсыздап, милицияга карата ишенимди жогорулатууга чакырды.

Аны менен катар бир катар кызматкерлер Коргоо министрлигинин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 24-апрелде, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну Акмалбек Закиров «Киа К5» үлгүсүндөгү унаа тапшырган болчу.

Белгисиз демөөрчүлөр

Буга чейин белгисиз демөөрчүлөр үстүбүздөгү жылы 11-мартта Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын башкармалыгына Hyundai 2022 үлгүсүндөгү эки жана өткөн жылы 24-августта «Тойота Приус» үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа белекке беришкен.

Эки учурда дагы дагы милициядан унааларды алып берген демөөрчүлөр өздөрүн ачыктабоону туура көрүшкөнүн белгилешкен.

2021-жылы Ички иштер министрлигинин имаратын да оңдоп беришкен. Анда министрликтен жумуштар айрым демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатканын билдиришкен жана алардын ысымдарын айтуудан баш тартышкан.

Аны менен катар, белгисиз демөөрчүлөр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көптөгөн имаратын да салып жатышат.

Мисалы, 2021-жылдын июлунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда атайын кызматтын кызматкерлерине делген 205 батирлүү турак-жай да «демөөрчүлөрдүн эсебинен салынып жатканын» айткан. Ташиев үйдүн курулушун ким каржылап жатканын айткан эмес, ал эми «Кабар» маалыматтык агенттиги демөөрчүлөр курулушка 100 млн сом бөлүшкөнүн жазган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы 6-мартта УКМКнын төрагасы өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында үч гектар жерге курула турчу төрөт үйүнүн курулушуна капсула салган.

Маалыматка караганда, курулуштун жалпы баасы 270 миллион сомду түзөт. Аталган каражатты демөөрчүлөр бөлүп берген, бирок кайсыл демөөрчүлөр экени айтылган эмес.

Редактор: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

Белгисиз демөөрчүлөр милициянын кайгуул кызматына эки кызматтык унаа белек кылышты

Милициянын кайгуул кызматы белгисиз демөөрчүлөрдөн беш кызматтык унаа алды

Ташиевдин кичи мекенинде белгисиз демөөрчүлөрдүн каражатына төрөт үйү салынат