ӨКМ: Калың жааган кардан улам Ат-Башыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна калың жааган кардан улам убактылуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу 4-майда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-майда кар катуу жаап, беш үй-бүлө 867 уй, 1400 баш кой өз алдынча оттобой калганын айтып, ӨКМге жардам сурап кайрылган. Министрликтен малчылардын тамак-ашы жетиштүү экенин белгилешти.

Кийин ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жайлоого барып, малчылардан кабар алган. Анда 680 түк чөп жеткирилип, кардын кесепетинен жабылган ашуулар ачылган.

Ал эми 3-майда Ат-Башы районунун акими малчыларга көмөк көрсөтүү үчүн убактылуу өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Буга чейин Ак-Талаа районун Орто-Сырт жайлоосунда беш үй-бүлө калың жааган кардан улам кайтып келе албай жатканы кабарланган. Малчылар 2500дөн ашуун жандыгы өз алдынча оттой албай калганы, аларга ӨКМ көмөк көрсөтөөрү маалымдалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын: Калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал жандыгы менен жайлоодон кайтып келе албай жатат

Автору: Бурулсун Жумалиева