УКМК Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна коррупция боюнча иш козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондундагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу парламенттин 4-майдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкобаева билдирди.

Анын айтымында, бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

«Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддо жана анын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында эс алуу жайларын курууга байланыштуу каржы документтери, ошондой эле Калашникованын атындагы Орусиянын 3 паспорту жана Кыргыз республикасынын жалпы жарандык паспорту табылган. Учурда алынган материалдар боюнча териштирүү иштери улантылууда», — деп айтып берген парламенттин жыйынына катышкан УКМКнын башчысынын орун басары Тимур Шабданбеков.

Ошол эле учурда Калашникова кылмыш иши козголгону тууралуу парламентке келип укканын айтып, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн ырастады.

«Жалпы 1 млрд сом уставдык капиталдын 762 млн 190 миң 370 сому накталай түрдө сакталуу. Ал эми жалпы 257 млн 67 миң 294 сому коротулду. Анын 113 млн сому туристтик эс алуучу жайларды курууга бөлүнгөн. Алар жалпысынан 68 жерге, өлкөнүн ар кайсы аймагына салынууда. 44 миң сому чет өлкөлөргө барууга жана иш-чараларга катышууга сарпталган. Бул көргөзмөлөргө, өлкө презентацияларына, Кыргыз Республикасы тууралуу видео жана басма материалдарын тартууга жумшалган», — деди Калашникова.

Ал учурда өзүнүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси кызматында турганынын мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалады.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2022-жылдын мартында Кыргызстандын туристтик тармагын туруктуу өнүктүрүүнү колдоо максатында түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 1 млрд сом. «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКнын негиздөөчүсү Экономика министрлиги.

Бүгүнкү күндө туристтер үчүн болгону бир эле Rest Point түйүнү ачылган. Ал Ысык-Көлгө бараткан жолдо — Кеминде жайгашкан.