Ысык-Көл ОИИБге белгисиз демөөрчү эки автоунаа белек кылды

Түп районуна караштуу Каракол шаардык милициясына белгисиз демөөрчүлөр эки автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу 4-майда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Автоунааны тапшыруу аземине башкармалыктын башчысы Орунбай Кочкоров, облустук милициянын өздүк курамы катышты. Милициянын маалыматына ылайык, автоунаалар бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн талаптарына, тактап айтканда, Каракол шаарынын жана Түп районунун Ички иштер бөлүмдөрүнүн талаптарына жараша пайдаланылат.

Бул белгисиз демөөрчүлөр укук коргоо органдарына биринчи жолу унаа белек кылган биринчи учур эмес. Мисалга алсак, март айында демөөрчүлөр Милициянын патрулдук кызматына 2022-жылы чыгарылган Hyundai үлгүсүндөгү эки автоунааны белек кылган.

Ал эми 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен РИИБдери белгисиз демөөрчүлөрдөн 2023-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү автоунааларды белекке алышкан.

Мындай тапшыруу аземи буга чейин да болуп келген. Буга чейин демөөрчүлөр ыраазычылык иретинде РИИБдерге бир нече ирет түрдүү маркалардагы унааларды тапшырышкан. Бардык милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери унаалар кызматтык кызыкчылыкта пайдаланыларын айтып ишендиришкен.

Автор: Бексултанова Айжамал