Путин тажик президенти Рахмонду дагы 9-майдагы парадга чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмонду 9-майда Москвада өтө турчу парадга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Бирок Рахмондун маалымат кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзода анын Москвага барар-барбасы азырынча белгисиз экенин билдирди. Ал тажик президенти 9-майда Дүйшөмбүдөгү Жеңиш паркындагы өчпөс отко гүл коюу иш-чарасына катышары пландалганын айткан.

Буга чейин, Путиндин чакыруусу менен Садыр Жапаровдун Орусияга барары белгилүү болгон. Ал 9-майда Москвада өтүүчү парадга катыша турган башка мамлекеттин жалгыз өкүлү болот деп күтүлүп жаткан эле.

3-майга каратаган түнү Кремлге учкучсуз аппараттар «чабуул» жасашкан. Орусия президентинин басма сөз катчысы эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Бул окуядан соң президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров Кремлге дрондор «чабуул» жасаганына карабастан расмий иш сапары менен бара турганын, иш-чаралардын графиги өзгөртүлбөгөнүн айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:
Кыйышпастыктын парады. Эмне үчүн 9-майда Путиндин жалгыз коногу Жапаров болот?

Султанбаев: Жапаров Москвага «Кремлге» дрондор «чабуул» кылганына карабастан барат