Жалал-Абаддагы жаңгак токою БУУнун долбоорунун алкагында калыбына келтирилет

Жалал-Абад облусундагы жаңгак токою БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба маселелери боюнча уюмунун колдоосу менен калыбына келтирилет. Бул тууралуу аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымата ылайык, 3-майда Азык-түлүк жана айыл-чарба маселелери боюнча уюм негиздеген FRIENDS долбоорунун өкүлдөрү Кыргызстанга келишти. Долбоор токой секторун өнүктүрүү жана Борбор Азиядагы жаратылыш ресурстарын башкаруу программасынын алкагында түзүлгөн.

«2022-жылдын апрелинен тартып уюмдун Борбор Азиянын экологиясын өнүктүрүү жана токлойлорду калыбына келтирүү методу активдүү ишке ашып жатат. Анын максаты, дегродацияга кабылган токойлорду масштабдуу чараларды көрүү аркылуу сактап калуу», — дешти уюмдун өкүлчүлүгүнөн.

Аталган долбоордун улуттук координатору Жалал-Абад облусундагы деградацияланган жаңгак токоюн калыбына келтирүү үчүн альтернативдүү аймакты сунуштады.

Долбоор БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба маселелери боюнча уюму жана Түркиянын токой чарбасы боюнча өнөктөштүк программасынын алкагында Кыргызстан, Казаксатан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжанда ишке ашырылууда.

Жалал-Абад — Кыргызстандын эң токойлуу облус. Ал жерде Борбор Азия боюнча белгилүү жаңгак токою бар. Арстанбап коругу 608,5 миң гектарды ээлеген көп жылдык жаңгак бактары менен белгилүү. Анда сөңгөктүү жана бадал түркүмүндөгү дарактардын 120дан ашык түрү өсөт.

Бирок 2017-жылы эле токой адамдар пайдалангандыктан жана жер жүзүндөгү аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам жок болуп кетиши ыктымал деп божомолдонгон. Ошол жылдары токойдун аянттары 1930-жылдарга салыштырмалуу дээрлик үч эсе азайып кеткени айтылган.

Автору: Айжамал Бексултанова.
Негизги беттеги сүрөт: Гүлжан Турдубаева.

ТЕМА БОЮНЧА:

Арстанбапты жайына койгула: Эң белгилүү кыргыз токою эмне болот?

«Алардан башка бизде эч нерсе жок». Бүтүндөй бир айыл кантип Арстанбапта жаңгак чогултат?