Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдуктары ачылат

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын Башкы консулдуктарын уюштуруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 8-майда өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө мындай чечим кыргыз жарандарынын Орусияда «мыйзамдуу ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү» максатында кабыл алынганы айтылат.

Санкт-Петербургдагы консулдук Карелия, Коми Республикаларында, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарында иш алып барат. Ал эми Казандагы консулдук Башкортостан, Марий Эл, Мордовия, Татарстан, Удмурт, Чуваш Республикаларында жана Ульяновск облусунда иш жүргүзөт.

7-майда Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Москвага кеткен. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланганы кабарланган.

2022-жылдын февралындагы маалыматка ылайык, Орусияда мигрант болуп жүргөн 1 миллиондон ашуун кыргызстандык бар болчу. Ал эми жалпы чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны — 1 миллион 118 миң киши.