Кабыл Искаков Токтогул РИИБдин башчысы болуп дайындалды

Кабыл Искаков. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Милициянын подполковниги Кабыл Искаков Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-майда «Клоопко» Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Искаковду Токтогул РИИБдин өздүк курамына облустук милиция башчысы Жеӊишбек Абитов тааныштырды. Ошондой эле Абитов жетекчини район аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алууда, өздүк курамга шарт түзүүдө жана жарандардын даттанууларын чечүүдө талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Кабыл Искаков 1983-жылы туулган. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» адистигин 2005-жылы бүтүргөн.

Кабыл Искаков өз ишмердүүлүгүн 2004-жылы күзөт кызматынан баштап, участкалык инспектор жана оперативдик кызматтарда эмгектенген. 2022-жылдын июль айынан тартып Баткен ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы кызматында иштеп келе жаткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бурулай өлтүрүлгөндө иштен алынган Марлис Асанов Ошко милициянын башчысы болуп барды