Жапаров президенттердин Путин менен сый тамагына Мишустин менен жолугушуудан улам катышкан жок

Орусиянын президенти Владимир Путин 9-майда Москвадагы парадка келген президенттер менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Нанүштөгө Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы катышты. Бейформал сый тамактануунун үстүндө тартылган сүрөттү соцтүйүнгө кремлчи Телеграм каналдар таратышты.

Сүрөттөрдөн сый тамакка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенко катышпаганын көрүүгө болот.

Соцтүйүндөрдө Жапаров нанүштөгө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир дасторкондо болууну калабагандыктан катышкан жок деген версиялар тараган. 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы ири кагылышуудан кийин эки өлкөнүн мамилеси абдан солгундай түшкөн.

Бирок Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Акипресс» басылмасына Кыргызстандын лидери 8-май күнү кечинде КМШ мамлекет башчыларынын кечки сый тамагына катышууга үлгүргөнүн билдирди.

«Кечээ [8-майда] кечинде Садыр Жапаров расмий эмес сый тамакка катышкан. Кызыл аянттагы параддан кийин Кыргызстандын делегациясы Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен сүйлөшүүгө жөнөгөн», — деп билдирди Султанбаев.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Москвага сапары Орусиянын 2022-жылдын февралында Украинада согуш ачып, аталган өлкөнүн аймагында ири алкакта кол салуусу уланып жаткан шартта өттү. Батыш өлкөлөрү Орусиянын кол салуусуна жооп кылып, ага карата болуп көрбөгөндөй санкцияларды жарыялаган, ал эми Эл аралык жазык соту Владимир Путинди аскердик кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.

Дагы окуңуз: Москвадагы парадга бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери катышат