БШКнын экс-мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылыкка күнөөлүү деп табылды

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиянын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимовду 2020-жылдагы шайлоодо 550 миң доллар алганы боюнча коррупцияга айыптуу деп тапты.

Жогорку соттун басма сөз кызматы сот Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын октябрында Эшимовду (Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча) «Алдамчылык» беренеси менен күнөөлү деп тапкан чечимин күчүндө калтырганын билдирди.

Ошондой эле сот 2023-жылдын мартында Эшимовду актаган Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

Жыйынтыгында акыркы чечим менен Эшимов беш жылга эркинен ажыратылды. Бирок ал үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен белгиленген жазадан бошотулду.

УКМК Акылбек Эшимовду 2021-жылдын сентябрында алдамчылыкка шектеп кармаган.

Анда Эшимовдун үстүнөн А.Б. аттуу киши арызданып, БШК мүчөсү «Кыргызстан» партиясынын тизмесинин биринчи бештигине киргизүүнү убадалап, 550 миң доллар алганын жазган. Эшимов убадасын партиянын лидери менен сүйлөшүү аркылуу аткармакчы болгонун айткан.

«Эшимов менен партиянын лидери өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, 550 миң доллардын 300 миңин кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө алып калган», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Ошол жылдын декабрында Эшимов БШКнын мүчөлүгүнөн отставкага кетүү тууралуу арыз берген.