Исаков: Жолтандабас менен эреже бузгандардын бири — Матраимовдун кудасы, Абдукадырдын кайниси

10-майда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Бишкекте Lexus LX600 үлгүсүндөгү жол тандабас менен эреже бузган уйгур улутундагы жарандар тууралуу видео жарыялады.

Исаков алардын бири коррупция боюнча күнөөсүн моюндап, мамлекетке 2 миллиард сом төлөгөн бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кудасы, Борбор Азияда бажыдагы коррупциялашкан аткаминерлер менен келишип алып соода империясын түптөгөн Хабибулла Aбдыкадырдын «бир тууган кайниси» экенин билдирди.

«Жап-жаңы Lexus 600 жолтандабасы менен Бишкекте эреже бузуп көзгө илинген уйгурларды эч бирибиз тааныган жокпуз. “Кыжаалат кылбаңыз эми” деп ырсайган кызыл футболкачан уйгурдун аты — Бай. [...] Ушундай туугандар, жаңы замандын каармандарын тааный жүргүлө. Булар Бишкектин кафелеринде ызы-чуу кылса, жолдо каршы багытка салып айдап баратса тек гана түшүнүп койгула. “Райымдын кудасы” деп сыйлап жүргүлө», — деп жазды журналист.

Ыдырыс Исаков жүктөгөн видеодо окуяны тасмага тартып алган киши жол эрежесин бузгандар милицияга баш ийбей жатканын айтып, кайгуул кызматкерлери унааны айып короого алып барбай жатканына нааразы болгон.

Ал эми жолтандабастагы кишилердин бири «сиз кимсиз, кандай ишиңиз бар» деп күбөнүн телефонун тартып алууга аракет кылган.

«Силер эмне мындай мамиле кылып жатасыңар, Кыргызстандын мыйзамына баш ийбей? [Кызматкерлер] жакшынакай сурап жатышат го. Унаасын айып короого алып барбайсыңарбы, эмнеден коркуп жатасыңар? Эмне мыйзамдар карапайым элге эле иштейби? Эй, Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап койгула да», — деп сүйлөгөн видеого тарткан киши.

Ошондой эле тасмадан унаанын айдоочусу тааныштарына байланышып, кайгуул кызматкерлерин жана күбөнү телефондогу киши менен сүйлөштүрүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Клоопко» видеодогу окуя үстүбүздөгү жылы 8-майда болгонун тастыкташты. Мамлекеттик номери Е0002С, LEXUS LX600 үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу Бишкектин тургуну экенин белгилешти.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаевдин айтымында, эреже бузган адамга карата үч берене менен протокол түзүлүп, жалпы 22 миң сом айып салынды. Ал айдочуга карата прафилактикалык түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Мурдагы аткаминер коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган Матраимовдун колун өптү

Абдукадыр: Борбор Азиядагы көмүскө инвестор