«Социал-Демократтар» партиясы цирктин абалы боюнча башкы прокурорго кайрылуу жолдоду

10-майда Бишкек шаардык кеңешинин «Социал-Демократтар» партиясы Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин абалы боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев менен маданият министри Алтынбек Максутовго билдирүү жолдоду.

Партиянын мүчөлөрү алардан мекемени текшерүүнү, циркке кызматына төп келген жетекчи дайындоону жана ал жерде иштегендерге шарт түзүп берүүнү талап кылышты.

«Мамлекеттик цирктеги үрөй учурган кырдаалга бүт өлкө, анын ичинде биздин партия да күбө болду. Кызматкерлердин айтымында, мекеме күнүнө 1,5 миллион сомдон кем эмес киреше табат. Бирок ал жердеги туруктуу коррупциялык схемадан улам цирк жараксыз абалга кептелген. Кызматкерлердин айтымында, имаратта казино да болгон экен, аны маданият министри деле көрүптүр», — деп белгилешти партиядан.

Билдирүүдө цирктеги «кейиштүү абал жетекчиликтин өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын көрсөтөт деп» белгиленет.

«Эгер жетекчилик ремонттун жоктугун каржылык абал менен түшүндүрүүгө аракет кылса, анда кир, тартипсиздик, кызматкерлерге, жаныбарларга түзүлгөн адам чыдагыс шарттарды эч кандай түшүндүрүү жана актоо мүмкүн эмес», — деп белгилешти партиядан.

Ошондой эле билдирүүдө цирктин жетекчилиги көйгөйлөрдү айтып чыккан Асланайым Ашированы «майып» деп атап, дагы бир кызматкер Айбек Момуновду имаратка киргизбей жатканы айтылат.

«Дүйнөгө белгилүү, беделдүү эл аралык Монте-Карло цирк фестивалында өлкөгө күмүш байге алып келген жападан жалгыз цирк артисти, эл артисти Манатбек Эшимбековго карата жол берилгис мамиле, мазактоо бардык мүмкүн болгон чектен ашты», — деп белгилешти партиядан.

Кыргыз циркиндеги чуу

Буга чейин, 10-апрелде мамлекеттик цирктин артисти Асланайым Аширова мекемедеги жаныбарлар кароосуз калганын айтып чыккан.

Ал жаныбарлар «цирктин короосунда дайыма кароосуз чуркап, ал жерден өткөн кызматкерлер менен артисттерге кол салышы ыктымал экенин» белгилеген. Ошондой эле Аширова буга чейин цирктин директору мекеменин короосунда көк бөрүгө чабылган өзүнө таандык аттарды бактырып келгенин билдирген. Анын айткандарын цирктин мурдагы көркөм жетекчиси, гимнаст жана жаачы Аида Акматова дагы ырастаган.

Ал эми цирктин директору Фархад Бекманбетов мекеменин жаныбарлары кароосуз, ачка калууда деген маалыматты төгүндөгөн. Ал Ашированы «провокатор» деп атаган.

Көп өтпөй Цирктеги маселенин фонунда депутат Жанар Акаев Кыргызстандагы «зоопарктарды жабууну жана жаныбарларды цирктеги оюн-зоокторго катыштырууга тыюу салууну» сунуштаган. Бирок парламент анын долбоорун «актуалдуу эмес» деген жүйө менен четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жуулбаган, таштандыдан тамак жейт». Кыргыз мамлекеттик циркте жаныбарлар кароосуз калганы айтылууда