Орунбеков: Жетим-Тоону 100% мамлекет иштетет, каржы аныкталды

10-майда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин айтып, изилдөө иштери бүтсө казуу иштери башталарын билдирди.

Ал социалдык түйүндөрдө «Бийлик Кытайга карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур» деген «элди козутууга максатталган чагымчыл» чакырыктар тарап, алар чындыкка дал келбесин белгиледи. Жетекчи жалган маалыматка мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

«Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор», — деп жазды Орунбеков.

Буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусунда жайгашкан кендин Кытайга өтүп кеткени тууралуу маалыматтар тарап, талаш-талкуу жаратып жаткан.

Жетим-Тоо айланасындагы чыр

Өткөн жылы августта Жетим-Тоо кени иштетилсе, аны Кыргызстан өзү иштетерин президент Садыр Жапаров дагы айткан. Бирок өлкө башчысы кенди иштетүү боюнча чечим азырынча кабыл алына электигин, даярдык жоктугун бир нече жолу белгилеген.

«Азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл "жок" десе, анда - жок», — деп жазган өлкө башчысы.

Жапаровдун билдирүүсүнөн эки күн мурун 12-август күнү Нарын районунун Эки-Нарын айылынын тургундары облустук администрациянын алдына митингге чыгышкан. Чогулгандар Жетим-Тоодогу Чырпыкты суусу агып өткөн аймакта алтын казууга каршылыгын билдирип, «Голд Контент» компаниясынын лицензиясын артка кайтарууну талап кылышкан.

Ал эми 14-августта активист Ырыс Жекшеналиев УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, эки айга камакка алынган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 26-октябрда үй камагына чыгарылып, азыркыга чейин үй камагында, сот иштери аяктай элек.

Жарандык активисттер «Жетим-Тоо темир кенин коргоо» кыймылын түзүп, аны казууга каршылык билдирип келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чырпыкты кайда? Жетим-Тоо кайда?». Алтын казууга каршы митингдин айланасындагы чуу

Активист Ырыс Жекшеналиев 25-майга чейин үй камагында калды

Садыр Жапаров: Жетим-Тоону иштетебизби-жокпу азырынча чечим кабыл алына элек