«25 млн сом төлөдү». Токмоктун коррупцияга шектелип кармалган мэри Самаев үй камагына чыкты

Бишкектин Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевди үй камагына чыгарды. Маалыматты 30-апрелде «Клоопко» райондук соттон тастыкташты.

Анын иши 29-апрель күнү каралды — сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, Самаевдин эки айга камакка алуу боюнча бөгөт чарасын үй камагына өзгөрттү.

Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарын таянып, Самаев күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом төгүп бергенин жазды.

Ошондой эле Самаев мэрлик кызматынан кетүү боюнча арыз жазганы да белгиленди. Бирок анын мамлекетке акча төгүп бергени боюнча Башкы прокуратурадан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Самаев 17-апрелде кармалган. УКМК аны «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар деп шектеген. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 130 миллион сомдон ашары белгиленген.

Ал эми 19-апрелде Октябрь райондук соту Самаевди 1-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Парламенттин мурдагы депутаты, «Чемпион» каймана аты менен белгилүү Урмат Самаев 2021-жылы 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган. Ал 2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон.