Ош: Карактоого шектелип кармалган кылмыштуу топтон көп сандагы курал-жарак табылды

Ош шаарында карактоо фактыларына шектелип кармалган бир нече адамдан турган кылмыштуу топтон көп сандагы курал-жарак табылды. Бул тууралуу 13-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөр үстүбүздөгү жылы 12-майда Ош шаарында 3 млн 600 миң сомду тоноого жана Кара-Суу районундагы куралдуу карактоого шектелип кармалышкан.

«Кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде — автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар жана гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Алардын арасында 36 жаштагы аял да бар экени айтылат. Ал Өзбекстандын жараны экени, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү аял — кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин жубайы, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө мыйзамсыз кирген.

«Шектүүнүн башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөнү дагы аныкталды. Анын Ош шаарындагы жашаган жерин тинтүү учурунда 37 жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган», — деп билдиришти милициядан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Куралдуу карактоолорго шектелген топ кармалды