Эми каржы пирамидаларын жарнамалагандарга айып пул салынат

Иллюстративдик сүрөт. Булак: Жоомарт Ураимов / Sputnik Кыргызстан

15-майда президент Садыр Жапаров «Финансы пирамидаларын уюштуруу» беренесине өзгөртүү киргизүүгө кол койду.

Ага ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен финансы пирамидасын ачык-айкын, массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалагандарга 150 миң сомдон — 200 миң сомго чейин айып пул салынат.

Аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып, ал үстүбүздөгү жылы 5-апрелде парламент тарабынан кабыл алынган.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылы 3 ай ичинде өлкөдө каржы пирамидасын уюштуруу боюнча 54 кылмыш иши козголгон.

Учурда өткөн жылдан өткөн кылмыш иштер менен бирге жалпы 207 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын ичинен 67си соттук кароого жиберилген. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 206 адамды түзөт.

Бүгүнкү күндө каржы пирамидаларынан жабыркагандардын жалпы чыгымы 273 миллион сомдон ашса, ал эми материалдык чыгымдын 481 000 сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Үч айда каржы пирамидасына байланышкан 54 кылмыш иши козголду

ИИМ: Каржы пирамидасына эки айда 133 киши алданып, 61 млн сом чыгымга учурады

Каржы пирамидасына окшош онлайн оюнга 30 миң сомго чейин алдаткандар болууда