ИИМ: Үч айда каржы пирамидасына байланышкан 54 кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

2023-жылы 3 ай ичинде каржы пирамидасын уюштуруу боюнча 54 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 8-майда Ички иштер министрлиги билдирди.

Милициядан өткөн жылдан өткөн 153 кылмыш ишин кошкондо, жалпы 207 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн белгилешти. Анын ичинен 67 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, соттук кароого жиберилди.

Аны менен катар, бир кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылып, 138 иш боюнча тергөө амалдары уланып жатканын кошумчалашты. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 206 адамды түзөт.

«Бишкек шаарында каржы пирамидасын уюштурган «Мега Инвест», «Элиза үй буюмдары», «Асыл айымдар», «Финико», «Файв виндс ассет мейважмемт» жана «ОК платформа» ишканалары аныкталган», — деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, Ош шаарында «Ордо-Мурас», Ысык-Көл облусунда «Арууке», «Жүрөккө-Жүрөк» жана «Балыкчы Ынтымагы», ал эми Нарын облусу боюнча «Мега Инвест» жана «Элиза үй буюмдары» ишканалары аныкталганы кошумчаланган.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, 2022-жылы 12 ай ичинде каржы пирамидаларды уюштуруу боюнча жалпы 1052 кылмыш иши ачылып, анын 765инин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген.

Ал эми кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайларга байланыштуу 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылса, айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогонуна байланыштуу 4 кылмыш иши токтотулган.

Бүгүнкү күндө каржы пирамидаларынан жабыркагандардын жалпы чыгымы 273 миллион сомдон ашса, ал эми материалдык чыгымдын 481 000 сомдон ашыгы ээлерине өндүрүлүп берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Каржы пирамидасына эки айда 133 киши алданып, 61 млн сом чыгымга учурады

Каржы пирамидасына окшош онлайн оюнга 30 миң сомго чейин алдаткандар болууда