Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр — Талас — Тараз жолун оңдоого 50 млн доллар бөлөт

Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо үчүн Кыргызстанга 50,2 млн доллар берет. Бул тууралуу Минкабдын сайтында маалымдалды

Сауд Аравияда болгон жолугушууда тараптар министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассер макулдашууга кол коюшту. 

Маалым болгондой, алар биргелишкен долбоорлорду талкуулашып, ошондой эле кызматташууну мындан ары дагы кеңейтүү боюнча суйлөшүшкөн. 

«Тараптар Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2023-2027 жылдарга кызматташуу стратегиясын тез арада иштеп чыгуу жана  кол коюу зарылдыгын баса белгилешти», – деп айтылат Минкабдын сайтында.  

Буга чейин Экономика министрлиги банк бул сумманы 25 жылга насыяга берет деп билдирген. Реконструкция талап кылынган тилке 93 чакырымды түзөт. Аталган жол Талас облусунун башталып, Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорун кошо камтыйт.

Министрликтен Суусамыр— Талас — Тараз жолун реконструкциялоонун төртүнчү фазасынын жалпы баасы 105,2 млн долларды түзөрүн кошумчалашкан.

21-февралда транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиев парламенттин транспорт комитетинин жыйынында министрлик башка донорлордон да насыя алууну пландап жатканын айткан.

Досалиевдин айтымында, Сауд өнүктүрүү фондунан 30 млн доллар, ал эми ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунан — 15 млн доллар насыя алуу караштырылып жатат.