Ошто бир жыл мурда курулган фонтандын кафелдери тургундардын үстүнө кулап түштү

Соцтармактарда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы бир жыл мурда курулган сейил бактагы фонтандын кафелдери урап, тургундардын үстүнө түшкөн видео тарады. Ал үстүбүздөгү жылы 5-майда тартылганы белгилүү болду.

16-майда Ош шаардык мэриясынан «Клоопко» тургундардын абалы жакшы экенин билдиришти.

Эмне болду?

Соцтармактарда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы сейил бакта фонтандын кафелдери урап, тургундардын үстүнө түшкөн видео тарады.

Үстүбүздөгү жылы 2-майда тартылган видеодон фонтандын кафелдери жанындагы отургучта отурган эки кыздын так ортосуна кулап, отургуч сынып кеткенин көрүүгө болот.

@maalymat.kg4 Кудай САКТАПТЫР!!! #ОШто ♬ оригинальный звук - маалымат kg порталы

Шаар бийлиги эмне дейт?

Окуя тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманов 16-майда «Клоопко» комментарий берип, тургундардын жаракат албаганын маалымдады.

«Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктан эки кыз отурганда фонтандын кафелдери ортосуна кулап түшкөнүн айтышты. Бирөөсүнүн бутуна, экинчисинин желкесине тийиптир. Аларды медициналык текшерүүдөн өткөрүп, үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Кудай сактап, үстүлөрүнө түшкөн эмес», — деп билдирди Сулайманов.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан «Клоопко» аталган фонтандын курулушун «Амантур Строй Сервис» компаниясы жүргүзгөнүн айтышты.

Ошондой эле башкармалыктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жоопкер компания тарабынан фонтанды оңдоп-түзөө иштери аткарылган.

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсү жана андагы сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп 2022-жылы 30-апрелде пайдаланууга берилген.

Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүндөгү сейил бактын ачылышы, 2022-жыл 30-апрель. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Сейил бактын ачылыш иш-чарасына ошол кездеги мэр Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана жергиликтүү тургундар катышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн көчө жана сейил бак пайдаланууга берилди