УКМК: Ысык-Көл райсоту Royal Beach’тин аймагынан 8,19 га жерди мыйзамсыз жеке менчикке чыгарган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл райондук соту мамлекеттик казынага ири зыян тийгизген эки мыйзамсыз чечим чыгарганын билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан Royal Beach мейманканасынын аймагындагы аянты 8,19 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кетишине негиз болгон чечим чыгарган.

«Тактап айтканда, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун аталган токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар (2,05 га) бар. Башкача айтканда, сот бир иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган», — деп билдиришти УКМКдан.

Мыйзамсыз чечимдин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян тийгизилген.