Жапаров укук коргоо орган кызматкерлеринин кенемтесинин өлчөмүн кайра карап чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматын өтөп жатып каза болгон учурда төлөнө турган кенемте маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 17-майда анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди», — деп жазды ал.

Жапаров бул боюнча тапшырмасын жол кырсыгында каза тапкан Чаткал районунун прокурорунун үй-бүлөсүнө бир жолу төлөнүүчү 21 млн сом кенемте коомчулукта кызуу талкууланып жаткан шартта берди. Мындай өлчөмдөгү камсыздандыруу төлөмү Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын таң калтырган, бирок алар аталган суммада кенемте төлөп берүү чечимин колдоп беришкен.

Анда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева эгер прокурор кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда каза тапса анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт деп түшүндүргөн. Коңкубаева мындай сумма «Прокуратура жөнүндө мыйзамында» каралганын кошумчалаган.

Буга эл өкүлү Надира Нарматова прокурорлор менен сот органдары «мыйзамды өздөрүнө ашыкча эле тууралап алган» деп жооп берген.