Ош: Дүйнө чемпионатында коло уткан Мунарбек Сейитбек уулу салтанаттуу тосуп алынды

Ташкентте өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коло уткан Мунарбек Сейитбек уулун 17-майда салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага калаанын вице-мэри Нурбек Кадыров, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, спори комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар, спортчулар жана мушкердин жакындары катышты.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын эгемен тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпионатында байгеге татыган алгачкы спортчу болуп калды.

Ал Ташкентте 1-14-майда өткөн беттеште 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Алгачкы беттеште Пуэрто-Риколук боксчуну жеңип, андан соң Таиланддык спортчуну багындырып, кийин Мексикалык мушкерди уткан.

Сейитбек уулу жарым финалга чыгуу үчүн тажик мушкерин жеңген. Ал эми жарым финалда жергиликтүү өзбек спортчусу менен кез келип, жеңиш атаандашынын пайдасына чечилген.

Мунарбек Сейитбек уулу — Азия чемпионатынын, студенттер арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Дүйнө чемпионаты коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, 14-майда жыйынтыкталды. Чемпионатка 100дөн ашык мамлекеттен 600дөн ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 13 мушкер барды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль утту