Жапаров: Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин ынак коңшулук духунда чечүүгө дилгир

Президент Садыр Жапаров Сиань шаарындагы «Борбор Азия — Кытай» саммитинде Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тынчтыкты сүйгөн саясатты карманып, чек ара маселелерин конструктивдүү чечип жатат деп билдирди.Бул тууралуу президенттин сайтында айтылат.

Жапаров Кыргызстан Кытай жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү бүтүргөнүн белгиледи.

«Өзбекстан менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз», — деди президент.

Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү боюнча буга чейин да сөз сүйлөгөн. Апрелде ал чек ара маселесинде «жылыштар бар экенин» айтып, бирок «өтө жай жүрүп жатканын» моюндаган.

«Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек», — деп айткан Жапаров.

2022-жылдын ноябрында Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин 2023-жылга чейин чечүүнү ниеттенип жатканын айткан. Бирок андай болгон жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасындагы талаштуу тилкелердин маселеси бир нече жылдан бери чечилбей келет. Мындан улам эки өлкөнүн ортосундагы чек арада утур-утур чыр же жаңжалдар чыгып турат.