Биринчи бозгун президент Аскар Акаев аялы менен Кыргызстанга келди. Ал окуу жайларда лекция өтөт

Биринчи бозгун президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Кыргызстанга келди. Маалыматты 20-майда «Клоопко» анын үзөңгүлөшү, Акаевдин тушунда премьер-министрдин аппарат жетекчиси болуп иштеген Бекболот Талгарбеков тастыктады.

Анын айтымында, Акаев өлкөгө 18-майда келген. Биринчи кезекте алар  Майрам Акаеванын 2022-жылы январда каза болгон апасына куран окутканы Таласка жөнөп кетишти.

«Кечээ алар Таразда (Казакстанда) болчу. Ал жакка белгилүү жүрөк хирургу Сейтхан Жошибаев [ред: казак кардиологу, медицина илимдеринин доктору] чакырган. Ал (Акаев) анын бейтапканасы менен таанышып, кесиптештери менен жолугушууда болгон. Түндө жубайы менен кайра Кыргызстанка келишти. Сапардын максаты — Политехникалык университетте жана Илимдер академиясында лекция окуу», — деди ал.

Талгарбеков Акаев катышчу лекциялардын качан болору «азырынча белгисиз» экенин кошумчалады.

Аскар Акаев жана анын өлкөгө келиши

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Садыр Жапаров бийликке келгенде, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Казакстандын президенти Нур-Султан шаарында Аскар Акаевди кабыл алды