Укук коргоочу: Окуучуну чөгөлөтүп кечирим сураткан окуя өлкөдө балдардын укугу бааланбай турганын тастыктады

Сузак районунда мугалим менен ата-эненин окуучуну мажбурлап, маңдайында турган кыздан чөгөлөп кечирим суратканы соцтүйүндө талкуу жаратты. «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова «Клоопко» окуя  боюнча пикирин билдирди.

Ал окуучу кызга орой мамиле жасалганын, Кыргызсанда мындай көрүнүш катталганы абдан өкүнүчтүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул окуя өлкөдө «балдардын укугу бааланбай турганын тастыктады».

«Мамлекеттик мекеменин ичинде кыз баланы басмырлап, кадыр-баркын тебелеп, ага зомбулук кылып, тизелетип кечирим суратып мыйзам жол бербеген нерсени кылышты», — деп укук коргоочу мугалим менен ата-эненин аракетине баа берди.

Турдубекова мындай көрүнүштүн келип чыгышына мугалимдердин «балдар укугунан кабары жоктугу, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мугалимдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү» себеп болгонун белгиледи.

Укук коргоочу окуучуну «жазалаган» мугалим ал менен бир мектепте жүрбөшү керектигин билдирди. Ал Билим берүү министрлиги тез арада окуяга тиешеси бар мугалимдерди иштен алышы керек деп эсептейт.

Ошондой эле ал өспүрүмдү «мындай жол менен жазалоо анын психикасына чоң сокку урарын» белгилеп, кызды реабилитациялык кароодон өткөрүү зарыл экенин кошумчалады.

«Мындай жазалоо балдардын психикалык ден соолугуна зыян келтирет. Балдар уктабай, тамак ичпей, температурасы көтөрүлүп, денесине жара да чыгышы мүмкүн. Бул унутулгус окуя болуп калат, ошону эстей берип жүрөгү да ооруп калышы ыктымал. Келечекте өзүнүн кадыр-баркын коргоого эрки да жетпей калуу коркунучу бар», — деди ал.

Укук коргоочу ата-эненин өткөөл курактагы кызды «көпчүлүктүн көзүнчө басмырлаганы өтө коркунучтуу» экенин билдирди. Анын айтымында, мындай мамиле өлкөдө чоңдор балдардын өсүп жетилүү стандарттарынан кабары жок экенин айгинелейт.

Сузактагы окуучу кыздын окуясы

19-майда соцтүйүнгө бир нече адамдын окуучу кызды мажбурлап, маңдайында турган кыздан чөгөлөп кечирим сураткан видеосу тарады. Тасмадан кыз ыйлап, «кечирип койчу, башка андай кылбайм» деп тизелегенин көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 31-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде болгон. Бирок кызды кечирим суратууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Super.kg порталы «окуучу классташ кызынын жакасын калем менен чийип койгону үчүн кыздын энеси менен мугалимдер аны кечирим суроого мажбурлашканын» жазды.

Ал эми Билим берүү минитсрлиги бул боюнча билдирүү таратып, мектеп администрациясына, соцпедагог жана класс жетекчиге мыйзам чегинде жаза колдонууну милдеттендирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Министрлик окуучу кызды тизелетип кечирим сураткандарга жаза колдонууну милдеттендирди