«Бир жылыш көрө элекпиз». Балбак Түлөбаев Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды

Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкасы тууралуу маселе кайрадан козголду. Бул ирет маселени Балбак Түлөбаев 22-майда парламенттин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. Түлөбаевдин айтымында, парламент күзүндө минкабдын аткарган жумушун карайт жана учурда ал Акылбек Жапаровдун реформаларына кандай баа берерин ойлоно баштаган чагы. 

«Кандай баа берсек болот айыл чарбадагы Акылбек Усенбековичтин реформаларына, негизи эле реформаларына. Бир жылыш көрө элекпиз, эки жыл болду. Ошон үчүн мына күзүндө көрөбүз, эки жылдан бери убадаларынын баары бар, интернет деген жазып коёт экен, гугл деген бар, бардык айткан нерселерди карап, угуп отурабыз. Иштесе иштеп, тартипке келсе келсин да, иштебесе анда жыйыштыргыла да [ишиңерди], [элди] кыйнабай», — деди депутат. 

Акыркы бир ай ичинде министрлер кабинетинин жана анын төрагасы Акылбек Жапаровдун иши парламентте экинчи жолу сынга алынууда. Буга чейин минкабдын ишин оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров сынга алып, аны отставкага кетирүүнү сунуштаган

Мадумаровду Конституциянын пенсия жана жөлөкпулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген беренелеринин бири аткарылбай жатканы нааразы кылган. Анткен менен Конституциялык сот муну «мамлекеттин түздөн-түз милдети катары түшүнүүгө болбойт» деген корутунду чыгарган. Ал эми кийинчирээк Жогорку Кеңеш Мадумаровдун минкабды отставкага кетирүү сунушун четке каккан